Социалдык тармактарда журналист Кенжебек Жумабаевдин камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров жана Саруу иши боюнча маалымат берген видео – материалы тарады.
“2016-жылы Садыр Жапаров Кыргызстанга келет деген маалда, мени Саруу окуясына күбө катары чакырып, жалган жалаа менен токтомдорун токуп турушуп, камакка алышты. 1,5 ай аралыгында бардык териштирүү иш – чаралары бүткөрүлүп, мен 8 жылга кесилип кеттим”, – деп билдирген Кенжебек Жумабеков.
“Азыр Садыр Жапаров камакта жөндөн жөн эле жатат. Ак Кумтөр маселесин көтөргөндүгү үчүн, элине күйгөндүгү үчүн камакка алынган”, – дейт ал.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ