Menu

Европа Биримдиги кыргызстандыктарга виза берүүдө жеңилдиктерди кароодо

Бөлүшүү:

2019-жылы Европа Биримдиги жаңы визалык кодексти карайт. Ага ылайык, кыргызстандыктарга Шенген визасын алууда бир катар жеңилдиктер берилет.

Бул тууралуу бүгүн брифингде Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Петер Буриан билдирди.

Анын айтымында, Европага саякаттагысы келген кыргызстандыктарга виза алууда жеңилдиктер каралат.

“Европа Биримдиги жаңы визалык кодексти даярдап жатат, ага ылайык кээ бир бюрократиялык процесстер жеңилдейт”- деп билдирген ал.

Анын айтымында, визалык жана визасыз мамилелер мыйзамсыз миграцияга ар кандай таасир этиши мүмкүн, бирок, ага карабастан коммунникация, байланыш түзүү маселеси абдан маанилүү.

“Европа Биримдигине мигранттар керек. Демографияга карасак, биздин калк карыды, биз билимдүү, даярдыгы мыкты жаш адамдарга муктажбыз. Бирок, биз жаштардын баары Кыргызстанды таштап, Европага көчүп кетип калышын, ошондон улам бул республиканын экономикасы солгундашын  каалабайбыз” – деп кошумчалады элчи.

Ал эми: “Европа менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим киреби?” деген суроого  Петер Буриан: “Ага да убакыт келет” –  деп жооп берди.

Айта кетсек, Кыргызстандын жарандары Европа Биримдигинин аймагына кириш үчүн сөзсүз түрдө виза алышы керек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: