Menu

“Альфа Телекомду” ажыдаардай соргон жетекчилер

Бөлүшүү:

Эң көп айлыктуулардын ана башында «Альфа Телеком» компаниясынын жетекчилери турат экен. Тагыраагы «Мегаком» уюлдук байланыш компаниясынын мурунку жетекчиси Азат Базаркулов 10 000 (он миң) доллар айлык алат деген сөздөр айтылып келген, Бул боюнча гезит аркылуу өзүнө собол салганыбызда үн каткан эмес. Демек, туура экен деп калдык эле. Ырас эле андан да көп айлык алчу экен. Дегеним, Базаркулов кызматтан кеткенден кийин 12 000 (он эки миң) доллар айлык алаары маалым болду. Сом менен эсептегенде 850 000 (сегиз жүз элүү миң) миң сом. Кайсы эмгеги үчүн миллион сомго чукул каражатты алып келди? Азат Базаркулов дегеле эмнени кыйратты?

«Жок, мага 500 000 (беш жүз миң) сом эле жетет» деп айта алган жок да, туурабы? Тескерисинче, күн өткөрүп күргүштөтө айлык алып олтурууга кызыкдар болбодубу. Мугалимдер 800040 000 сом алган турмушта 100 мугалимдин айлыгын бир алган жетекчиге наалат айткандан башка эмне дейбиз?!

Бул жагы бул дейли, «Мегакомго» жаңы жетекчи болуп келген Акылбек Жамангулов директордун айлыгын кыскартуу керек экендигин Жогорку Кеңештин депутаты болуп олтурганда көтөргөн эле. Арийне, бул жигит айтканын өтөсүнө чыгып кыскартыптыр. Бирок, ошондо деле 20 мугалимдин айлыгын бир алат экен.

Тагыраагы 200 000 (жи жүз) миң сомго түшүптүр айлыгы. Менчик ишкана болсо мейли дейли, мамлекеттик мекеме болгондон кийин бул дагы көп эмеспи?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: