Menu

Толкунбек Улуттук банктын убалына калабы?

Бөлүшүү:

«Бет деген болуш керек да» деп кыргыздар бетке эле айтат. Өтө нысапсыз, абийир дегенден куру жалак калган адамдарга карата. Мындай адамдар арабызда эле жүрөт. Эсеби масслен, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон айлыгын сураганыбызда: «Менин айлыгым 120000 (жүзжыйырмамиң) сом эле, орун басарым 87 000 (сексен жети мин) сом» алат деген.

Топуктуу баладай кубанып айткандын ордуна «120 миң сом эле» деп нааразы болгондой түр көргөзгөн. Мейли алсын, өзү айткандай айлык маянасы мыйзам аркылуу чегерилгенден кийин албай коймок беле?! Албай койсо дагы үйүнө жеткирип берет да. Айталы дегенибиз башка.

Абдыгулов алган айлыгын актап атабы? Бул бир. Экинчиси, 100 миңдеп айлык алып жаткан Абдыгулов мамлекеттен дагы далай миллиондорду ссуда катары алып, анан аны төлөй албагандыктан мамлекет болбогон бир шылтоо менен эле Толкунбектин 5,5 миллион сом карыз акчасын (ссудасын) кечип коюптур.

Тобоо, жолду таба билгичтигин айт. Канча жарандарыбыз 50 миң, 100 миң сом кредит үчүн азап тартып жүрүшөт.

Бул болсо очойгон айлык да алып, карызын кайра кайтарып да бербестен тагдырдын эрке талтаңыбы?

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: