Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсу, КСДП партиясынын шайлоо штабынын башкы бухгалтери Нуржан Сатыгул кызынын уулу Адилет Сатыгулов өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, ал шалыш түрдө эле эс алууга кетип жаткандыгы тууралуу документ даярдап тапшырып, бирок кайсы өлкөгө кетип жатканын айткан эмес.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде чуу жараткан КСДПнын шайлоо штабынын кассасы жөнүндө партиянын башкы бухгалтери белгендигин айткан. Анын айтымында, бухгалтер Нуржан Сатыгул кызы өз өмүрү үчүн корккондугунан башка өлкөгө кетип калган. Бул иш боюнча ИИМ текшерүү жүргүзө баштады.
15-ноябрда экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов “Фейсбук” социалдык тармагында президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоого карата көп миллиондук каражаттарды сарптаганы жазылган маалыматты жарыялаган.
Ал маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо алдындагы үгүт иштерине 1,1 миллиард сом жана 6,8 миллион доллар короткон.
Бул документти президенттин аппаратынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “фейк” деп атаган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ