Кечээ, 30-ноябрда өткөн парламенттеги КСДП фракциясынын отурумунда депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевди каралап жаткан журналисттерге кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.
Анын айтымында, ММК булактары Алмазбек Атамбаевдин ар башка убакта сүйлөгөн тасмаларын алып, аны начар жагынан гана көрсөтүүдө.
“Атамбаевдин ар кайсы жылдары сүйлөгөн тасмаларынан кесиндилерди алып, аны коррупционер катары көрсөтүп жатышат. Эл болсо ага ишенип жатат. Сотко берсең сөз эркиндигин чектеп жатышат деген сөздөр чыгат. Эмне кылабыз?”- деп сураган эл өкүлү УКМКнын жетекчисинин орун басары Асылбек Кожобековдон.
Ал “мындай маселелерди укуктук жактан чечип, сотко кайрылуу керек” деп жооп берген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ