Menu

Мыйзамсыз жол менен Кытайга тонналап сурма экспорттогон кыргыз ишканалары аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ош облусунда сурьманы мыйзамсыз жол менен өндүрүп, Кытайга экспорт кылган эки компанияны аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “У.Т. и К.” фирмасы 2017-жылы жана 2018-жылдын 1-январынан 30-июнга чейин 1764 тонна сурьманы Кытайга экспорттогон. Муну менен катар товар кайдан чыккандыгын тастыктаган лицензияда Ош облусунун Алай району көрсөтүлгөн.

Бирок, Экономика министрлиги билдиргендей, компанияга түстүү жана баалуу металдарды импорт менен экспорт кылганга эч кандай уруксат документи берилген эмес.

Жогоруда аты аталган мекеме сурьманы лицензиясы жок, жалпы 6,2 миллион сомго экспорттогон.

Экинчи кылмыш иши дагы Ош облусунда катталган. Түштүк-Батыш бажы кызматынын маалыматына караганда, ЖЖК “Т.С” компаниясы 2017-жылы 885,4 тонна ал эми, 2018-жылдын 1-январынан 30-июлга чейин 537,5 тонна сурьманы экспорттогон. Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитеттин берген маалыматы боюнча, ЖЖК “Т.С” кенди иштетүүгө эмес аны изилдөөгө лицензиясы бар болгон. Ал эми Экономика министрлигинен эч кандай уруксат берилген эмес.

Учурда КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 180-беренеси “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: