АКШнын мурунку президенти Джордж Буш-улуусу 94 жаш курагында көз жумду.
Бул тууралуу Washington Post басылмасы кабарлады.
Анын олүмүнүн себеби азырынча айтыла элек. 2012-жылы АКШнын 41- президенти Джордж Буш улуусу кан тамырлардын паркинсон дартынан жапа чегип жатканын билдирген. Аталган оорудан улам Буш өз алдынча жеткиликтүү деңгээлде кыймылдай албай калган.
Анын жубайы Барбара Пирс ушул жылы көз жумган.
Эске салсак, мурунку президенттин уулу Джордж Буш-кичүүсү АКШнын 43- ажосу болуп шайланган, ал эми башка уулу, Джеб Буш Флорида штатынын губернаторунун кызматын ээлеген.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ