Menu

Мушкер Хабиб Нурмагомедов Парижде актер Леонардо Ди Каприо менен жолукту

Бөлүшүү:

Франциянын борбор шаары Парижде UFCнын жеңил салмактагы мушкери, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык белгилүү актер Леонардо Ди Каприо жолукту. Бул тууралуу мушкер Хабиб Нурмагомедов өзүнүн “Instagram” баракчасына жазып чыкты.

Ал сүрөттүн астына Леонардо Ди Каприо тууралуу “ал UFC жөнүндө менден да көп билет” деп жазган.

Айта кетсек, Парижде бир нече күндөн бери жүргөн атактуу спортчу Х. Нурмагомедов Чемпиондор лигасынын алкагында “ПСЖ — Ливерпуль” футбол беттешүүсүн көргөн.

Эскерте кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. Ал 70 кг чейинки жеңил салмакта мушташат. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: