Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров тамактарга тузду өзгөчө ыкма менен сепкен атактуу туркиялык ашпозчу Нусрет Гекченин ресторанына барган.
Salt Bae каймана аты менен белгилүү ашпозчу лидерге өз өнөрүн көрсөтүп, этти бычакка сайып даам сунган.
Тасмада тамакты даярдоо учурун Рамзан Кадыров өзү дагы тасмага тартып, анан этти бычактын мизинен жегенин көрүүгө болот.
Бирок интернет колдонуучуларынын көңүлү Кадыровдун жан сакчысына бурулган, ал Кадыров этти бычактын мизинен жеп жатканда абдан толкунданган.
Эске салсак, Нусрет Гекче тамактарга тузду өзгөчө ыкма менен себүү өнөрү аркылуу белгилүү болгон. Анын “Инстаграм” социалдык тармагында 17 миллиондон көп жазылуучулары бар. Ашпозчунун Түркияда, АКШда, Канадада жана Бириккен Араб Эмирлигинде ресторандары бар. Ал жасаган стейктер орточо эсеп менен 130 доллар турат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ