Menu

Адахан Мадумаров: “Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш – бул биржа”

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңешинин экс-спикери Адахан Мадумаровдун азыркы парламенттин абалын сындаган видеотасмасы социалдык тармактарда тарады.

Ал элдин бийликке болгон ишеними боюнча сөз козгоп, ишенимди кайтаруунун жалгыз жолу Жогорку Кеңешке таза жана адилет шайлоо өткөрүш керек экендигин айтты.

“Учурда парламентте отурган ар бир депутат 6 миллион сом турат. Тагыраагы ушундай суммадагы акчанын жардамы менен депутат болгон. Ошол үчүн биздин парламентте мугалимдер, врачтар, окумуштуулар же жазуучулар эмес базардан келген адамдар отурушат. Алардын билим деңгээли дагы ошончолук төмөн жана ушул эле адамдар отуруп алышып мыйзамдарды жазып, кабыл алып жатышат. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш – бул биржа”, – деди А. Мадумаров.

Мындан тышкары, элчи мамлекеттин жүзү экендигин айтып, ал эми мамлекет бул кызматка керек болсо үй-бүлө кура элек жаштарды коюп жаткандыгын кошумчалады. Орусия менен Казакстандын элчилерине салыштырып, алардын арасында мурунку премьер-министрлер да бар экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: