Menu

Хиджабчан кызды зордуктоого аракет кылган таксисттин үстүнөн дагы эки арыз түштү

Бөлүшүү:

Хиджабчан кызды зордуктоого аракет кылды деп кармалган таксистке дагы эки аялдан арыз түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган С. А. аттуу жараны Октябрь районунун Ички иштер министрлигине кайрылып, 26-ноябрь күнү Б. Бейшеналиева көчөсүндө ушул эле таксист аны зордуктоого аракет кылганын айткан.

Ал эми, 1978-жылы төрөлгөн Бишкек шаарынын Д. Ж. аттуу тургуну 2018-жылдын башында, Линейная көчөсүндө ушул таксист аны зордуктоого аракет кылганын билдирген. Ошол учурда арыз жазбагандыгынын себебин, шектүүнү милиция кызматкерлери баары бир табышпайт деп ойлогону менен түшүндүргөн. Таксист жөнүндө массалык маалымат каражаттарынан окуп, ага чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, жакында социалдык тармактарда “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаадан кыйкырган кыздын үнү чыккан видео тараган. Видео күбөлөр тарабынан тартылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренелери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: