Өзбекстандын бажы кызматкерлери 30 миң доллар суммадагы акчаны ич кийимине салып, Кыргызстанга өтүп бараткан аялды кармашты. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Чек арадан өтүп бара жаткан А. З. аттуу жарандын ашыкча тынчсызданганы “Фергана” чек арасынын кызматкерлеринде шек жараткан. Оозеки суракта ал жанында эч кандай буюм жок экендигин айткан. Андан кийин тинтүүнүн жүрүшү менен анын ич кийиминен 30 миң доллар, чөнтөгүнөн 4 миң доллар жана капчыгынан 510 түрк лирасын табышкан.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ