Menu

Фото – Депутаттын жарым жылаңач сүрөтү Казакстанды дүрбөттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-декабрда Астанада өткөн “Fashion Night Astana” саркеч кийимдер көргөзмөсүндө  Астаналык депутат, журналист, модель Динагүл Тасова ич кийимсиз, жарым жылаңач чыгып Казакстанды дүрбөтүп жатат.  Бул тууралу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Көргөзмөдө Динагүл Тасова Dana Dyusembayeva саркеч кийимдер үйүнүн жаңы үлгүдөгү көйнөгүн кийип чыккан. Ичинен ич кийим кийилбегендиктен узун көйнөктүн көкүрөк тушу өтө эле ачык калып, моделдин “бөдөнө тумшук мамагы” көрүнүп калган. Дизайнердин ою боюнча кыздар бул көйнөктү ич кийимсиз кийиш керек экен.

Казактар социалдык тармактарда эки топко бөлүнүп алышып, бири Динагүл Тасованы коргоп чыкса, экинчилери уятсыз деп сындап, кырылып жатышат.

Журналист, модель, депутат Динагүл Тасова Арменияда өткөн “Топ модель СНГ-2018” сынагында  “Медиа модель” наамына татыктуу болгон. Ал сынакка КМШ жана Европанын 16 өлкөсүнөн 30 кыз катышкан.

Динагүл Тасова Астана шаарынын жаштар парламентинин VII чакырылышынын депутаты. Жаштар маслихаты коомдук уюм катары ар түрдүү комдук-саясый иш чараларды уюштуруп өткөрүп келаткандыгы менен белгилүү.

Динагүл Тасова өзү инстаграммда жарыялаган сүрөтүндө көкүрөгүн жүрөкчөлөр менен калкалап жарыялаган. Бирок, казак маалымат каражаттары аны көргөзмөдө кандай чыкса ошол бойдон тартылган сүрөттөргө толуп чыкты.

Динагүл Тасованын мурунку сынактардан сүрөттөрү:

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: