Menu

Таксист жаш жүргүнчү кызга жыныстык катнаштын бузук түрүн сунуштаган

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-декабрдын кечинде Бишкек шаарындагы таксисттердин бири жумуш үстүндө өз телефонунан унаасынын арткы орундугуна олтуруп келаткан жаш жүргүнчү кызга жыныстык катнаштын бузук түрүн сунуштаган sms билдирүү жөнөткөн. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Эрик Абдыкалыков өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ага 20, 12 жаштагы карындаштары конокко келишип, агасынын дароо эшикке чыгуусун өтүнүшүп, таксист жазган билдирүүнү көрсөтүшкөн. Кыздар коркконунан такси келип, үйдүн жанына токтогондо “акчабыз үйдө эле, азыр алып чыгат” деп машинадан чыкканча шашышкан жана таксистти агасына карматышкан.

 

Телефондон таксист жаш кыздарга “Куни каалайсыңбы?!” деп жазган. Куни – бул Википедиянын айтуусу боюнча жыныстык катнаштын бузук формасы – кыздардын аялуу жерин өөп-жалап, “эркелетип” берүү экен.

“Мен телефонду алып, дароо жолго чуркап чыктым. Автоунаанын эшигин ачып айдоочуга номерди көрсөтүп, “сенин номериңби” деп сурадым. Бирок, ал “билбейм” деп баштаганда дароо ал номерге чалдым. Ошол учурда айдоочунун экинчи телефону шыңгырап кирди”, – дейт Эрик Абдыкалыков.

Мындан тышкары, ал айдоочуга унаадан чыгып, жасаган иши үчүн жооп берүүнү талап кылганда, айдоочу аялы жана балдары бар экендигин билдирип, ал эми, sмsти “башка таксист балдар” жибергенин айтып актанган.

“Анын айтып жаткан карандай калпына чыдабай кетип, бетине чаап жибердим. Бирок, ал жерден аны жазалаганы менен эч кандай майнап чыкпасын түшүндүм. Такси компаниясынын жетекчилигинен бул окуя боюнча чара көрүлүүсүн суранам”, – дейт ал.

Айрым маалыматтар боюнча бул такси Sms-Taksi компаниясына карайт.

Посттун автору Эрик Абдыкалыков Rotaract Nomad Club of Bishkek клубунун негиздөөчүсү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: