Menu

Видео – Кытайдын кыйноосундагы 3 жыл

Бөлүшүү:

Уйгур улутундагы Мехригүл Турсун, Кытайдаын Синьцзян автоном районундагы уйгурларды тарбиялоочу лагерде 3 жыл бою кордук көргөнүн Американын Конгрессинде өткөн атайын угууда айтып берди. Бул тууралуу 30-ноябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары  жазып чыкты жана видеотасмасын таратышты.

Маалыматка ылайык, ал Кытайда төрөлгөн. Бирок, Египетке турмушка чыгып, 2015-жылы жакындарын көрүү үчүн Кытайга кайтып келген.

Ал кичинекей балдары менен келгенине карабастан, аны балдарынан айрып, тарбиялоочу лагерге алышкан. Жыйынтыгында Турсун балдарынын бири каза тапканын билген. Ал эми, Турсундун өзүн ток урдуруп кыйнашып, терезеси жок жер төлөлөрдүн биринде кармашкан.

“Бөлмөнүн ичинде адамдын көптүгүнөн кээ бирлерибиз башкалар уктап алышы үчүн, кезектеп 2 сааттан туруп турат элек. Жаткандар дагы жайылып жатпастан, капталдап укташат болчу. Лагерде 1 жылдап жуунбаган туткундар бар эле. Бул аз болгонсуп түрмөчүлөр лагердегилерге ар кандай сөздөрдү айтып кемсинтишип, жектешет болчу. Мага “сенин апаң менен балаң сен үчүн өлдү” деп айтышып, башыма атайын кап кийгизишип, ток урдурушчу. “Мындай кордукту көрсөткөндөн көрө өлтүрүп салгылачы” деп жалынгам”, – деди Турсун.

Мындан тышкары, аларды коммунисттик партиянын гимнин ырдоого мажбурлап, белгисиз таблеткаларды ичиришкен. Бул таблеткалардын айынан аялдардын этек кири келбей, ал эми кээ бирлери кансырап, көз жумгандар да болгон.

Турсунду 2018-жылы гана Египеттеги калган балдарын алып келүү үчүн бошотушкан.

https://www.youtube.com/watch?v=rdfz2-gdJGU&feature=youtu.be&fbclid=IwAR18QDzf6rPlMpED29KGjlnLyufRMWbKlN9WUMUOipdBopzP3QOImQrYkiY

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: