28-ноябрда “Фейсбук” социадык тармагынын активдүү колдонуучусу Улан Үсөйүн Ош облусунун Ноокат шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги жол өтмөгүнөн өтүш үчүн, жолдун так ортосуна орнотулган бетон тосмодон секирип өтүү зарылдыгын көрсөткөн видео жарыялаган.
Видеотасмада чынында эле жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн атайын “зебра” белгилери коюлган жол турат. Бирок, жолдун так ортосуна цемент тосмо коюлган. Автор видеону “Ноокаттагы кызыктуу “пешеход” деп атап, “бул көрүнүшкө күлөөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң” деген пикир кошуп, жүктөгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ