Menu

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү “У.Т и К.” деп аталган фирма Кытайда жайгашкан “Б” аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган.

Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой эле “тергеп-иликтөөдө бул фирма Алай районунда гана кен казууга уруксат алганы, түстүү металлды үчүнчү өлкөгө сатууга лицензиясы жок болгону ачыкка чыкты” деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мыйзамсыз сурма казган фактылар бар. Мунун айынан жаңжал чыккан жана адам өлүмү менен коштолгон окуялар да орун алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: