Menu

Өзбекстанда 1-январдан тарта чет өлкөгө чыгуу визасы жоюлат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берген виза жоюлат. Жергиликтүү ММКлар Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, кийинки жылдан тарта 10 жылдык мөөнөт менен эл аралык паспорт бериле баштайт.

Президенттин жарлыгында паспорт алуу жараяны 10 күн ичинде бүтүшү керектиги белгиленет.

Учурда Өзбекстанда жарандарга биометрикалык ички паспорттор берилет. Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилер “өлкөдөн чыгуу визасын” алып, паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.

Жарандар азыркы паспорт менен 2021-жылга чейин чыгуу визасы талап кылынбаган мамлекеттерге барса да болот.

Адам укуктарын коргоочулар Өзбекстанда совет доорунан бери келаткан бул эрежени сындап, элдин эркиндигин чектөө деп баалап келишет. Бул айрыкча, өкмөттү сындаган кишилердин башка мамлекеттерге ээн-эркин барып-келүүсүнө түйшүк жараткан.

Акыркылардан болуп Куба “өлкөдөн чыгуу визасын” 2013-жылы жойгон. Өзбекстан постсоветтик мамлекеттердин ичинен бул тажрыйбаны сактап калган жалгыз өлкө болгон

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: