Menu

52 мигрант менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды

Бөлүшүү:

Казакстанда өзбекстандык 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды. Ал Ташкентте колго түшкөнүн, Казакстандын 46 жаштагы жараны экенин өзбек милициясынын басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады.

Шектүүгө “Автоунааны сапатсыз оңдогон жана техникалык мүчүлүштүк менен пайдаланууга берген” деген айып коюлуп жатат. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал Казакстандын укук коргоо органдарына тапшырыларын маалымдады.

Казакстандын Актөбө шаарында бул окуя боюнча сот иши уланууда. Соттолуп жаткандардын арасында автобустун айдоочусу жана механик да бар.

2018-жылдын январында Актөбө облусунун аймагында Орусияга сапар тарткан автобус күйүп кеткен. Анда Казан шаарына иштегени бараткан 52 өзбекстандык көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: