Menu

Назарбаев окуучуларды кытай тилин үйрөнүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жаштарды чет тилдерди, айрыкча, кытай тилин үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Назарбаев интеллектуалдык мектептер” түйүнүнүн 10 жылдык мааракесине арналган “Улуу талаа мураскерлери” форумунда билдирди:

– Быйыл “Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде” окугандар экинчи чет тилди өз тандоолору боюнча үйрөнө башташты. Дүйнөлөшүү доорунда чет тил билүү зарыл болуп турат. Дүйнөдө эң эле кеңири таралган англис, экинчиси, испан тили болуп эсептелет, бирок, биз үчүн кытай тили маанилүү.

Казак президентинин айтымында, Казакстандын жалпы тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн 20 пайызы Кытай, 22 пайызы Орусия, 30 пайызы Евробиримдикке туура келет.

– Жапонияда да, Кытайда да бизнес англис тилинде сүйлөйт. Бирок, бир жарым миллиард калкы менен кытай тили басымдуулук кыларын көрсөтүп жатат. Мен үйрөнүп көргөн эмесмин, бирок, башкаларга салыштырмалуу казактар үчүн жеңил деп айтышат”, – деди Назарбаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: