Menu

Эмомали Рахмон “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өкмөт жыйынында “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишин сынга алды. Ал өлкөдөгү эң ири жүргүнчү ташыган “Боинг 767-332”  учагын сатып алууда коррупцияга жол берилген деген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган.

“Тажик Эйр” компаниясы “Боинг 767 -332” учагын 2016-жылы сатып алган. Учак 1987-жылы чыккан. Анын колдонуу мөөнөтү 30 жыл.

Каржы көзөмөлү жана коорупция менен күрөшүү агенттиги Рахмон “Тажик Эйр” компаниясынын ишин текшерүүнү тапшырганын тастыктады.

Авиакомпания жетекчилиги кызматкерлерге үч ай маяна бербегени, аэропорт акысы убагында төлөнбөгөнү жана күйүүчү май менен камсыздалбаганы үчүн да жеме уккан.

Өлкөдөгү жалгыз улуттук авиакомпания начар кызмат көрсөтөт деп дайыма сынга кабылып келет. Тажикстанда кабыл алынган мамлекеттик программага ылайык, “Тажик Эйрдин” акцияларынын бир бөлүгү жеке колго өтүп, эскирген 21 учагы сатыкка коюлушу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: