Menu

Ленин райондук ИИБнин үч кызматкери сатуучуну сабагандыгы үчүн камакка алынды

Бөлүшүү:

Ленин райондук  ИИБнин үч кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы  үчүн айып тагылды. Бул тууралуу кармалгандардын жактоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, кармалган укук коргоочулар 26-декабрга чейин камакта калат.

“Алар Ош базарында эч кандай уруксаты жок соода кылып жүргөн сатуучуну кармап, анын IPhone үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, кийин ур-токмокко алган деп айыпталууда” – деп билдиришкен жактоочулар.

Кармалган укук коргоочулар өз кезегинде күнөөсүн мойнуна алган эмес. Алар сатуучуга бир нече жолу башаламан соода жүргөн жерден кетишин эскертишкендигин, бирок, эч кандай ур-токмокко албаганын билдиришкен.

Бул окуя ушул жылдын май айында болсо да, жабырлануучунун ИИМге жазган арызы кароосуз калтырылып келген. Акыры ал Президентке кайрылууга аргасыз болгондон кийин гана ушундай иштер жүргүзүлүүдө.

Жабыркаган сатуучу  азыр ИИМдин борбордук аппаратынын үстүнөн арыз даярдоодо.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: