Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилгендигин тастыктаган сертификат элге көрсөтүлдү. Иш-чара “Аю Grand Comfort” соода борборунда болду.
Бешбармактын Гиннеске киргенин аталган уюмдун расмий сайты да май айында жазган. Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону жазылган.
Иш-чараны “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси, “Ак калпак”, “Ак элечек” долбоорлорунун негиздөөчүлөрү “Аю Grand Comfort” фирмасынын колдоосу менен биргеликте уюштурган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ