Menu

ИИМдин борбордук аппаратында саптык кароо жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2018-жылдын 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароо-тескемеси Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев, милициянын полковниги Мирлан Каниметовдун катышуусунда өтүлдү.
Саптык кароо мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып, гимндин аягында министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлеринин кийим-кечегине, кызматтык документтерине, кызматтык күбөлүктөрүнө жана тыкандуулугуна көңүл бурушту.

Аталган иш-чаранын максаты ички иштер органдарынын өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүлүүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгын колдоо болду. Министрдин орун басары Алмаз Орозалиев өздүк курамга кайрылып: “Сиздердин кызматыңыздардан республиканын борбор шаарынын жана бүтүндөй аймагынын туруктуулугу менен инвестициялык келишимдүүлүгү көз каранды. Андан сырткары, жарандар коркунучтуу кырдаалга же кырсыкка дуушар болгондо биринчилерден болуп сиздер жардамга келип, ишенимдүү коргоодо экендигин билиш керек. Сиздер муну ишиңиздерде көп жолу көрсөткөнсүздөр. Өзгөчө сиздерге жалпы коомдук жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө көптөгөн түйшүктөр жүктөлөт” –деди.

Андан соң, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, саптык даярдыгын көрсөтүштү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: