Menu

2018-жылдын ноябрында боюнча бюджеттик чыгымдарга 11,2 млрд сом жумшалды

Бөлүшүү:

Борбордук казыналыктын 2018-жылдын ноябрында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 11 млрд 226,6 млн сом суммасында ишке ашырылды. Бул тууралу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 2 млрд 552 млн сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 766 млн сомдон ашыгыраак акча, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 4,7 млн сом бөлүндү. «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 688,7 млн сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1,6 млрд сомго жакын бюджеттик каражат жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: