Menu

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда “PROlogue-2018” эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу аземинде сыйлык ээлеринин аты аталды.

“PROlogue-2018” эл аралык кинофестивалында кыргызстандык Акылбек Абдыкалыков “Мыкты актер” наамына татыктуу деп табылды. Ага бул сыйлык Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасындагы ролу үчүн берилди.

Күн мурда аталган фестивалдын “Мыкты актриса” номинациясы да кыргызстандык Мадина Талипбекке ыйгарылганы кабарланган.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан “Делбирим” тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат.

Кыргызстандагы “Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына да сунуш кылган.

​”PROlogue” — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: