Menu

Тажикстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин чек ара офицери кармалды

Бөлүшүү:

Хорогдо эки кишинин, анын ичинде кош бойлуу аялдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу чек ара офицери кармалды. Авария 1-декабрда Памир ГЭСинен алыс эмес жерде болгон. Жол кырсыгынан дагы эки киши олуттуу жаракат алган.

“Азаттыктын” тажик кызматы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып билдиргендей, чек ара офицери Toyota RAV4 маркасындагы автонуаасы менен маршртуканы сүзүп кеткен. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды.

Маалыматтарга караганда, авария учурунда маршрутканын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири салондон ыргып, каналга барып түшкөн. Учурда кош бойлуу аялдын сөөгү изделүүдө. Жаракат алган эки киши ооруканада.

Бул арада “ФерганаNews” агенттиги өз булактарына шилтеме берүү менен жергиликтүү жашоочулар Toyota унаасындагы жүргүнчүлөрдү кармап алып, аларды өз алдынча жазалоого аракет кылышканын, бирок милиция кызматкерлери токтотуп калганын жазды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: