Menu

Жаңы жыл күндөрү кыргызстандыктар төрт күн эс алышат

Бөлүшүү:

Жаңы жыл күндөрү кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Эскерте кетсек, иш жана эс алуу күндөрүн жылдыруу  тууралуу токтом үстүбүздөгү жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Ага ылайык, жаңы жылдык каникулдар 2018-жылдын 30-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин созулат. Бирок, мындагы жумуш күндөрүнүн эсесинен  29-декабрь  жана 5-январь (ишемби күндөрү)  иш күндөру болуп саналат.

Бул токтом мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү. Иш жана эс алуу күндөрүн жылдыруу жеке компанияларга дагы сунушталган.

Азырынча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде аталган күндөр дагы өзгөрүүлөргө кабылабы, же жокпу, так маалымат жок.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: