Menu

Аяшын өз батиринде, досунун жанында баса калган окуя катталды

Бөлүшүү:

Бишкекте жаран досунун жубайын анын батиринде зордуктаган. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка караганда, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү милицияга Бишкектин Ленин районундагы Умөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу уйлөрдүн биринде аял зордукталганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге мобилдик батальондун кызматкерлери барган. Жабырлануучу окуя болгон күнү жолдошу менен досу менен спирт ичимдиктерин ичкенин айтып берген. Үй кожоюндары конокко үйдүн биринчи кабатына төшөк салып берип, өзүлөрү экинчи кабатына жатканы кетишкен экен.

“Түн бир оокумда аяшы төшөктө жаткан аялга кол салган. Адегенде аял аны өзүнүн жолдошу экен деп ойлогон, бирок көзүн ачып, тааныганда кыйкырып, каршылык көрсөткөн. Жанында уктап жаткан жолдошу ойгонуп, досун алып ыргытып, милицияга чалган” – деп билдиришти милициядан.

Ленин райондук ИИБде териштирүү жүрүп, экспертизалар дайындалган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: