Казакстандын Кордай районундагы өткөрүү-көзөмөл пунктунун кызматкерлери Кыргызстандан Казакстанга өтүп бараткан аялды аман-эсен төрөтүп алышты. Бул тууралуу nur.kz сайты билдирди.
Маалыматка караганда, 2-декабрда саат 19.30 чамасында Фарида аттуу кыргыз келин, Казакстандын жараны Кыргызстандан кетип баратып, өткөрүү-көзөмөл пунктуна жеткенде анын айына жетпеген толгоосу башталган. Пункттун кызматкерлери алдастап калбастан, аялга биринчи жардам көрсөтүшкөн. Натыйжада, Фарида эсен-аман көз жарып, эркек бала төрөгөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ