Menu

Акыйкатчы Токон Мамытов Кытайда камалган кыргыздардын туугандары менен иштей баштады

Бөлүшүү:

Кытайда камакка алынган кыргыздардын туугандары жардам берүү өтүнүчү менен өлкөнүн акыйкатчысына кайрылышты. Бул тууралуу омбудсмен Токон Мамытов өзү билдирди.

“Алар жаңы эле келип, арыз жазып жатышат. Биздин кызматкерлер алар менен иштей баштады. Арызды алгандан кийин, биз эл аралык нормаларга, эки тараптык макулдашууларга жана Кытай менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштей баштайбыз”- деп билдирген башкы укук коргоочу.

Эске салсак, бир жума мурун Кытайдын Синьцзянь уйгур автономдук районундагы  камакка алынып, тарбиялоочу лагерлерине жөнөтүлгөн этникалык кыргыздардын туугандары президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурап, кайрылуу жасашкан.

Алардын айтымында, аталган аймактагы кыргыздардын абалы өтө начар.  Кытайдын мыйзам сакчылары кыргыздарды, казактарды, уйгурларды жана башка мусулман динин туткан адамдарды кармап, көбүн жылдап эркиндикке чыгарбай жатканы айтылган. Жабырлануучулардын туугандарынын айтымында, “тарбиялоочу лагерь” деген аты эле болбосо, ал жер чыныгы түрмө.

Кармалгандардын арасында динге берилбегендер дагы бар. Мисалы, алардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун жана тарыхчы Аскар Жунус сыяктуу адамдар да кезигет.

Расмий маалыматка ылайык, Синьцяндагы Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунда расмий маалыматтар боюнча 160 миң кыргыз жашайт.

“Кыргызстан Кытайдагы кыргыздардын камалышынын себебин билип, жардам бериши керек” – дешет кайрылгандар.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: