Menu

Соцтармактарда үй кожойкелери, студенттер менен кайым айтышкан Атамбаев же “Форумдун” медиапрактикасы жөнүндө

Бөлүшүү:

Баш прокурордун тапшырмасы неге катуу чоочутту?

Алмаз Атамбаев менен Эдил Байсаловдун экс-президенттин Түркиядагы бизнесин сатуудан түшкөн кирешеси жөнүндөгү бири экинчисин жокко чыгарган чатак-тарынан улам Башкы прокуратура аны тастыктап, тактоону УКМКга тагшгырды. Бир чоң саясатчы, мур-дагы мамлекеттик чиновник экс-президентги кирешелери жөнүндө жасалма документтерди пайдала-нып, элди алдап жаткандыгы туу-ралуу айыптап чыккандан кийин анын кимисиники чын экендигин аныктап, элге жеткирүү – укук коргоо органдарынын, атайын кызматтардын милдети. Бирок, ал тапшырмадан кийин “Форум-да” отургандардын стратегдери өзгөчө туталанышып, социалдык тармактар, өздөрү көзөмөлдөгөн бир катар сайттар, “Ачык саясат”, “Супер инфо” сыяктуу гезиттер, “Апрель”, “7-канал” сыяктуу теле-каналдар аркылуу аракеттеги пре-зидентти, азыркы бийликти фейк-тик (бирөөлөрдүн абройлоруна доо кетирген жалган маалымат-тарды таркатуу) , троллдук (провокациялык мүнөздө макзактап, шылдыңдап, жалаа жабуу) ык-малар аркылуу шыбоону өзгөчө активдештирип жатышат. Антке-ни, Эдил Байсалов жадабай кай-тдлин келаткандай, экс-президент ‘Гүркиядигы бизнесинөзүкагаздар мсмси ырпстоого аракет кылып жаткандай, ‘ДЮ’2 жылы бардыгы болуп26млн.доллиркирсшсалып, кийинки ЖЫЛ1.1 нпднп гүт кол. мнй көл болуп турду дсгси бизнесин 36 млн. долларга эмес, 27 миң дол-ларга эле саткандыгы, Түркиянын азыркы президенти Реджеп Тайип Эрдоган ага 50 млн. доллар алуу-га эч кандай жардам бербегенди-ги аныкталсн, анда ансыз деле эл арасында аброю, таасири калбай бараткан Алмаз Атамбаев сөздүн толук маанисинде толук саясый банкротко айланып калганы ту-рат. Анын башка жомокторуна эч ким деле ишенбейт. Анда акыр-кы айларга чейин элден жашы-рып келген, 19-ноябрда өзүнүн “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда ачыкка чыгарган кирешелери менен чыгашаларын тийиштүү органдардын алдында кааласа, каалабаса да түшүндүрүп бергенге аргасыз болот.

Мына ошондон улам экс-президент кол алдындагылары социалдык тармактар, сайттар, жо-горуда аталгандагыдай гезиттер, телеканалдар аркылуу аракеттеги президентти фейктик, троллдук ыкмаларда шыбап жаткандыгына канааттанбастан, фейсбукта “Ак-марал акмарал” деген аккаунт ачып алып, эртеден кечке чей-инки убактыларын соңтармак-тарды чукулоо менен откөргөн үй кожойкелери, студенттер ме-нен кайым айтышууда. Өзүн-өзү мактап, агаандашын шыбоодо. Экс-мамлекет башчысынын мына ушундай төмөнкү деңгээлге түшүп кетиши – аянычтуу, өкүндүрөрлүк көрүнүш.

Позициясы начарлап, катарындагылар азайып баратат

Сегиз жылдан бери экс-президентке саясый технологдук, пиарщиктик кызмат көрсөтүп, Фарид Ниязов менен бирдикте са-ясый атаандаштарын каралап, жа-манатты кылуу боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган, 2014-жылы “Преломление: со-бытия 2010 года в Кыргызстане глазами историка и очевидцев” деген китеп жазып, анда башка убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн салымын жокко чыгарып, Алмаз Атамбаевди алы жетишинче мактаган Алексей Василивецкийдин жакында Россияга биротоло кет-кендиги маалым болду.

Анын кетүүсүн КСДПнын штабынын 2017-жылдагы шай-лоодогу башкы эсепчиси Нуржан Сатыгул кызынын баласы Адилет Сатыгулов менен Индияга чы-гып кеткендиги менен бир өңүттө кароо керек. Анткени, алар экс-президентке байланышкан өтө көп нерселерди билишет. Ошондуктан өзү жөнүндө аябай көп нерселерди билгендер азыркы бийликтегилер менен жакындашып кетип, “мен жөнүндө билгендеринин барды-гын ачыкка чыгарып жибериш-песин”- деген ойдо, алардан убак-тылуу болсо да өлкөдөн чыгып турууну сурангандыгы кимге деле болбосун белгилүү болуп турат. Мүмкүн, ал алардын сапарларын да каржылагандыр. Бул аркылуу ал эки максатка жетишти. Бирин-чиси, потенциалдуу айгактарды өзүнөн алыстатып салса, экинчи-си, алардын чыгып кеткендигин себебин да азыркы бийликтеги-лерге шылтап, өмүрлөрүнө коку-нуч туулгандай көрсөтүүдө.

Кыргызстандын Түштүк Ко-реядагы мурдагы элчиси Кылыч Султан үчилтиктин (А.Атамбаев, Ф.Ниязов, А.Василивецкий) тор-педасынын гана милдетин аткарды. Үчилтиктин шыкактоосу менен ал Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин элчлик корпусундүйнө жүзүнө шерменде кылдыӨӨын атквргяндмн кийин анынтагдыры үчилтикти кенед<‘й да кызыктырбай калды. Адашкан немедей ал ар кайсыл өлколордо эки айдай темселеп жүргөндөн кийин эми Кыргызстанга келии, аны азыркы бийликтин каматпа-гандыгына сүйүнүп, эл үчүн кыз-мат кыларын айтып жүрөт. Бирок, элдин андай саясый маданияты, мекенчилдик сезими, туруктуу позициясы жок, оргу-баргы, кирди-чыкты кыялы бар неменин кызматына муктаждыгы барбы? Гезитинин полосаларын “Форум-га” толук өткөрүп берип, ага ал-ган миллиондогон акчалар менен баюунун үстүндө.

20-ноябрда өткөрүлгөн Эл-дик курултайдын жыйынтыкта-ры экс-президент үчүн дагы бир сокку болду. Ал жердегилердин басымдуу көпчүлүгүн аракеттеги президентке жан тарткандар ката-рында айтканга болбойт, алар не-гизинен сындаганды гана билген, бийлик дегенди апаат катарында элестетишкен көчө саясатчылары. Бирок, алар да бир добуштан экс-президенттин бузуп жаруучулук аракеттерин айыпташып, Соорон-бай Жээнбековдун президенттик бир жылын канааттандырарлык деп табышкандыгы – аларда ка-лыстык, жоопкерчилик бар экен-дигин көрсөттү.

Ошентип ток этерин айтканда, “Форумдагылар” арам акчалар-ды актоо үчүн канчалык жаалда-нып, опурулуп-жапырылышпасын, баары бир алардын позициялары күндөн күнгө начарлап, катарлары бириндеп баратат. Экс-президент акчаларын элди бузуп, жарып, сая-сый абалды начарлатууга сарптап, өзү кыз-келиндердин атын жамы-нып алып, үй кожойкелери, студент-тер менен соцтармактарда кайым айтышкандын ордуна каржылык мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйбасын

жаратмандык, кайрымдуулук, агартуучулук иштерге жумшаса, элге көбүрөөк пайдасын тийгизмек, мүмкүн коррупциялык иштерге байланышкан күнөөлөрүнүн бир бөлүгүн жуумак. Бирок, бирок… бүкүрдүн белин… дегендей, анын болгон-толгон деңгээли ошол болсо эмне кылабыз?

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: