Menu

Видео – “Жалбырак ТВ” тараткан “Бакиевдин Минскдеги жашоосу” тасмасы фейк болуп чыкты

Бөлүшүү:

“Жалбырак ТВ”  каналы жарыялаган “Бакиевдин Минскдеги жашоосу” аттуу тасмасы жалган болуп чыгып, элдин кескин сынына кабылды. Бул туураалуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары кеңири талкуулап жатышат.

“Текебаевдин “Жалбырак ТВ” каналы өзүнө элдин көңүлүн бурайын дептир. Кечээ алар социалдык тармакка “Бакиевдин Минскдеги жашоосу” деген тасманы жарыялаган.

“Конституциянын атасынын” журналисттери “WhatsApp” тармагына тараган тасманы текшерип да коюшпаптыр. Мунун аларга эмне кереги бар, алар “Калп канчалык чоң болсо ага ошончо бат ишенишет” деген принципке таянышкан. Бирок муну интернет колдонуучулары дароо терс кабыл алып, фейк экенин айтып чыгышты. Жүздөгөн адамдар:”Тасмада Бакиев кана? Бул Минскде болуп жаткандыгы каякта жазылып турат? “Жалбырак ТВ” Атамбаевдин деңгээлине чейин түшпөй эле койгула да” жана башка пикирлерди жазышып, нааразы болушту. Чынында, интернетте Чымкенттеги казактардын үйлөнүү тоюнун тасмасы тараган, ал тойго кыргыз ырчылары дагы чакырылган.

Эл “Жалган ТВнын” журналисттери бул тасмадан Бакиевдер менен Минскини кайдан көрүштү? – деген суроону туура берип жатышат”- деп жазылган постто.

https://www.facebook.com/kompromat.kg/posts/2152975291586668

https://www.youtube.com/watch?v=X-yZCPofWso

Бул видеотасманы “Жалбырак ТВ” “Бакиевдердин Минскидеги жашоосу” деп атап жарыялаган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: