Menu

Дарыгерлердин маянасы жөнүндө көйгөйдү көтөрүп чыккан хирург Эркингүл Койбакова жумушсуз калды

Бөлүшүү:

Дарыгерлердин айлык маянасы жөнүндө көйгөйдү көтөрүп чыккан жаш хирург Эркингүл Койбакова жумушсуз калды. Бул тууралуу facebook социалдык тармагында Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова жазды.

“Региондордо медицина кызматкерлери жетишпейт деп наалыйбыз, мына, үч жыл хирург жана бир жыл реаниматолог болуп иштеген Эркингүл Койбакова жумушсуз калды. “Ыйласаң да, баары бир” –дейт дарыгер. Мен “интерн” болуп бекер иштеп жүргөндө керек болчумун. Эми болсо, менин ордума ординаторлор келишти. Элге жумуш дагы, айлык дагы жетпейт. Мени ооруканага да, үй бүлөлүк медицина борборуна дагы жумушка алуудан баш тартышты. Жакында скальпелди кармаганды унутам! Каякка барарымды билбей калдым”, дейт Койбакова,” – деп жазган Елена Баялинова.

Койбакова каякка барарын билерин айтты. Ал досторунун жанына, Орусияга кеткени жатыптыр.

2018-жылдын жайында Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жаткан Эркингүл Койбакованын “Фейсбуктагы”: “Ушинтип жашайбыз. Бүгүн менин акчам түгөндү. Бар болчу, бирок мен аны кичинекей, ачка балдары барларга бердим. Маянабыз медиктерди жашабай эле, эптеп тиричилик кылганга мажбурлайт. Үйдөн ун таап, калама жасадым” – деген билдирүүсү коомдо чоң талкуу жараткан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: