Menu

Видео – “”

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-декабрда өткөн чогулушта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов экологияга терс таасирин тийгизген мончо, сауналарды жабууну сунуштады.

Калаа башчынын айтымында, аталган багытта атайын рейддерди жүргүзүү керек.

“Райондук администрациялар милиция жана мамэкотехинспекциянын кызмамткерлери менен биргеликте штабдарды түзсүн. Мончолор эмне менен  жылытылып жатканын билишибиз керек. Эски дөңгөлөктөр кампаларга чогултулуп жаткан жок. Аларды желимдөөчү жайлар  мончолорго сатып жатат” – деген Азиз Суракматов. Анын ою боюнча, экологияга ашкере зыян тийгизген мончо, сауналарды жабуу керек.

Райондордун акимдери  мончолорду желим, пластик, синтетикалык материалдардын калдыктары  менен жылытпоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп   жатканын белгилешти.

Бүгүнкү күндө Ленин районунда 34, Октябрь районунда 47, Свердлов районунда 100дөн ашуун,  Биринчи май районунда 100дөй мончо же сауна иштеп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: