Орусияга иш издеп барган 40 кыргызстандык алданып калганын айтып чыгышты. Бул тууралуу алдангандардын бири күндүн суугунда жолдо турушкандыгын видеого тартып, “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөгөн.
Видеого тарткан бала “жумуш таап берем” деген убада менен аларды бирөөлөр Кыргызстандан Орусияга алып келкендигин, анан 20 градустук суукта Москвадан 300 чакырым алыстыктагы Украинага жакын жерде ара жолго таштап кеткендигин айтып берет. Аларды кайсы бир фирманын ортомчусумун деген Медер аттуу жигит алдап, Орусияга алып баргандыгы айтылууда.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көчөдө калган бул адамдарды кыргыз диаспорасы Москвага алып келип, мейманканага жайгаштырганын кабарлады. Учурда элчиликтин, диаспоранын жардамы менен аларды жумушка орноштуруу маселеси чечилип жатканы белгилүү болду.
https://www.youtube.com/watch?v=jjUyyogaNBg&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2tvik6vyIW-AXHRh8Ng4crW7qUIf6W9X_SCBrGLgTQrsYr-911eCiYBSc
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ