Menu

Дарыгерлер талашы: Табып Хашим Зайналиевде дарыланган бейтаптар коомчулукка кайрылышты

Бөлүшүү:

Айрым ЖМКларда элдик табып  Хашим Зайналиевдин дарыгерлик ишмердиги тууралуу ачуу сындар жарыяланып жатат. Анда авторлор Х.Зайналиевди “шаман”, “бакшы”, “жалган дарыгер” деп атап,  оорулууларды туура эмес дарылап жаткандыгын айтышат. Ошол эле учурда журналист Бейшенбек Бекешов сыяктуу бул табыптын шыпаалуу дарыгерлик жөндөмү тууралуу жазып жүргөн адамдар да жок эмес.

Бул маселеде  биз ак да, көк да деп, баа бере албайбыз. Ошентсе да, сөз эркиндиги принцибин эске алып, табып Х.Зайналиевден дарыланып жаткан оорулуулардын кайрылуусун жарыялоону эп көрдүк.

  КАЙРЫЛУУККкк

Кыргыз Республикасындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө

Элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жаткан бейтаптардан

                                                         Кайрылуу

Урматтуу массалык маалымат каражат өкүлдөрү!

Биз рак жана башка айыккыс делген оорулардан жабыркагандар элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жатабыз. Улуттук Онкология борбору жана башка ооруканалар бизди чыгарып койгон.

Бир нече жылдан бери бизди дарылап жаткан Хашим Зайналиевди куугунтуктап, кодулап, каралап келе жатасыздар. Шыпаа, жок дегенде жеңилдөө болбосо, биз бул жакка келмек эмеспиз. Биздин көз алдыбызда бир канча киши айыгып чыгып кетти. Врачтар дарылабасак болбойт, маткаңды алабыз деген келин бул жерде 4 ай жатып, айыгып, бала төрөдү.

Дагы бир келинди төрөсөң өлөсүң, боюңдан алдыр дешкен экен. Ал да бул жактан дарыланып, учурда балалуу болду. Андай мисалдар көп.

Албетте, оорусуна шыпаа таба албагандар да бар.

Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук онкология борбору тарабынан уюштурулуп бул жакка келген журналисттердин бири да биздин үнүбүздү коомчулукка жеткирген жок. Тескерисинче, биз жаткан жерге келбей, биздин абалыбызды сурабай туруп, Хашим Зайналиевди бир беткей каралаган материалдарды чыгарып жатышат. Аларга да Жараткан Алла туура пикир берсин.

Айрым врачтар: “Хашим Зайналиевде дарыланып жаткандар баары бир өлөт, алар биздин көзөмөлдө”, – деп массалык маалымат каражаттарына маалымат таратып жатышат. Ошондой эле, табып алардын башын айлантып, наркотикалык заттарды берип койгон деген маалыматты да айтышты врачтар. Хашим Зайналиевди психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу мекемеге алып барып, тест да алышкан экен. Тескерисинче, психиатр врачтар элдик табыптан үйрөнө турган нерселерибиз көп экен. Бизге келип, лекция окуп туруңуз деп баа беришкен.

Онкология борбору колдон келгенин баарын кылып, бизди чыгарып койгон. Ачыгын айтканда, өлүмүңөрдү күткүлө дешкен. Эми ага да болбой, артыбыздан түшүп, Хашим Зайналиевден дарыланбай, үйүңөргө баргыла деп жатасыңар. Врачтар кайра эле луч, химия сунушташат. Алардын азабын ооруган адамдар гана билет.

Биз башка категориядагы адамдарбыз. Бизге бир күн болсо да жашоо керек. Зайналиевден айыгып жаткандар бизге дем берип жатат. Кудай өмүрүбүздү берсе, айыгып кетээрбиз.

Жогоруда айтканыбыздай, табыптан дарыланып кетип жаткандар көп. Бул жерде илим-билимдүү, бүт кыргызга таанымал адамдар, депутат, министрлердин туугандары, окумуштуулар, врачтардын тууган-уруктары да дарыланып жатышат. Бизди баштары айланган бирөөлөр жатат деп маалымат таратып жаткандар, күнөөгө батпай, бул жакка келип көрүп кетишсин.

Жакында каза болгон белгилүү журналист Султан Жумагуловдун диагнозундай болгон бир киши бул жерден айыгуу жолуна түштү.

Дарыгерлердин биринчи максаты элди айыктыруу болуусу керек. Мамлекеттин негизги байлыгы – анын эли. Дарыланып чыгып, жадырап-жайнап турган адамдардын көңүлүн көтөрүүнүн ордуна, аны дарылаган дарыгерди куугунтукка алуу эмне деген антигумандуулук?

Эгер айыгып кетсек, дарыгерге акыркы тыйыныбызды да берүүгө даярбыз. Өмүрдөн кымбат эмне бар!

Урматтуу журналисттер! Бизди караңгы, сабатсыз деп кордогонуңарды токтоткула. Бул жерде толук акылдуу, алтүгүл республикага аты таанылган илим-билимдүү эле адамдар дарыланып жатат.

Бул жерде дарыланып жаткандар, алардын туугандары саламаттык сактоо министри, депутаттар, Премьер-министр, Президентке чейин кирип, ал-ахыбалыбызды айтканга даярбыз.

 

Кайрылууга 20 адам кол койгон.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: