Menu

Быйылкы “Алтын топ” сыйлыгы Лука Модричке ыйгарылды

Бөлүшүү:

Мадриддик “Реал” футбол клубунун жарым коргоочусу, Хорватия курама командасынын капитаны Лука Модрич  “France Football”  жумалыгынын версиясы боюнча “Алтын топтун” ээси болуп табылды. Лука Модрич өзүнүн карьерасында биринчи жолу “Алтын топко” ээ болду.

2008-жылдан бери “Алтын топ” номинациясын кезектешип, Криштиану Роналдо менен Леонель Месси экөө эле алып келген. 10 жылдан кийин футбол тарыхына өзгөртүү киргизип, Лука Модрич аталган наамдын ээси болуп отурат. Бул жылдагы добуш берүүдө Роналду 2-орунду, ал эми Месси болсо, 5-орунду ээлеген.

Эске салсак, Лука Модрич “Реал Мадрид” командасы менен чемпиондор лигасында жеңишке жеткен. Ал эми июль айында Хорватиянын курама командасы менен финалдык бөлүккө чейин жетип, Франция курама командасынан утулуп калган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: