Menu

Видео – Мушташкан эки кыздын тасмасы талкуу жаратты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда кыргыз жана өзбек актерлорунун биргелешүүсүндө тартылган “Делбирим” тасмасына карата айтылган сын пикирлер тасманын премьерасынан кийин тынчыган. Бул тууралуу бүгүн,  маалымат жыйында Өзбекстандын эл артисти Матякуб Матчанов билдирди.

“Сиздер эки элдин чыгармачыл ишин жакшы жагынан гана көрө аласыздар. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жалгыз гана бир эл жөнүндө  эмес,  бардыгыбыз жөнүндө жазган,” –деп билдирген Матьякуб Матчанов.

Тасманын продюсери Перизат Жакыпбекова тасмада өзбек актерлору катышканы үчүн аны коркуткандар болгонун айтты.

“Кыргыз жигиттери биздин актрисаларды кызганышты. Мени коркутуп кат жазып, телефон чалышты. Алар өз суроолоруна жоопту тасманы көргөндө таап, чыгармачылыгыбызды баалай алышат деп ишенем” – деди ал.

Тасманын бет ачары бүгүн Бишкекте көрсөтүлөт. Өзбекстанда бет ачар 16-ноябрда болгон.

“Делбирим” көркөм тасмасынын сценарийи Чынгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде жазылган.

Булак:KyrgyzToday  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: