Эки күн мурун, тагыраагы 2-декабрь күнү Чаек айылдык кеңешинде кезексиз шайлоо болуп, 21 мандаттын 13үн КСДП утуп алды.
Эми өздөрүнүн талапкерин айыл өкмөт кылып шайлаганга толугу менен мүмкүнчүлүгү жетет. Буга чейин КСДПда 9 гана депутат болуп, эки тизгин бир чылбырды колго ала албай, оппозицияда калып келген. Чаек айылдык кеңешиндеги баш аламандыкты Барчынбек Орозобеков баштаган бир нече депутат борборго чейин келип айтып, кан какшаганын укканбыз. Өтө чоң мыйзам бузууларды да тизмектешкен. Элдин үнү президентке чейин жеткенде айылдык кеңеш таркатылып, шайлоо өттү. КСДПчылар мурун 9 мандат алса, ал азыр 13 мандатты басып жыгылды.
Ал эми «Республика – Ата Журт» партиясы бул жолкудабир да мандат алал албай жээкке сүрүлүп калды…
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ