Menu

Фото – Индиядагы кыргыз элчилиги дипломатиялык базарга катышты

Бөлүшүү:

2-декабрь күнү, Элчилик жакшы салтка айланган жыл сайын өтүүчү 30-Эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык базарга катышты. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жылы эл аралык иш-чара Индияда аккредитацияланган 35-тен ашуун дипломатиялык миссияларды бир жерде чогултту.

Ар бир өлкө көргөзмөдө эң мыкты буюмдарды жана продукцияларды, ар түрдүү тамак жана салттуу кийимдерди тартуулады. Дипломатиялык базар музыка, бий жана чет өлкөлүк мамлекеттердин жана Индиянын чыгармачыл топторунун аткаруулары менен коштолду.

Кыргызстан жыл сайын өтүүчү көргөзмөнүн туруктуу катышуучусу катары, бул кезек абдан даамдуу кыргыздын балын, Кыргызстандын аймактарынан келген ар түрдүү айыл чарба азыктарын жана ар түрдүү улуттук сувенирлерди тартуулады.

Кыргызстандын павильону ар дайым экологиялык таза азыктарынын түрлөрү менен кызыктырат, алар бул жолу да зор кызыгуу менен миңдеген жарманкенин конокторунун көңүлүн бурду.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир мамлекет жардам берүү максатында борбордо жайгашкан колунда жок адамдар үчүн медициналык центрлеринин бирине кайрымдуулук катары салым кошот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: