Menu

«Жунда» заводдун ишмердүүлүгү тыкыр иликтениши керек

Бөлүшүү:

Бажы союзу 2020-жылга чейин уруксаат берилгенине карабай сырттан ташылып келген унааларга өкмөт жетекчиси катары Темир Сариевдин чектөө киргизгени мамлекетке карата чыккынчы саясат болгону айтылган. Анын дагы бир чоң кемчилигин белгилей кетсек, «Жунда» заводун ачкан маселеде жатат. Анын айынан учурда экология бузулуп, Кара-Балта шаарынын тургундары азап чегип жаткан кези. Чүйдүн калкын чоң түйшүккө салган Сариев азыр кантип тынч уктап жатканы белгисиз. Кечинде буруксуп чыккан ачуу жыт балдардын көзүн кызартып, ооруга чалдыктырууда. Баса, жергиликтүү тургундардын талабы жана салык төлөө маселесиндеги соттук териштирүүлөрдөн улам мунай заводу ноябрдын башында ишин токтоткон. Бирок кайсы жетекчи уруксат бергени белгисиз, өткөн аптадан баштап кайра иштей баштады. Кечээ айрым эл өкүлдөрү «Жунда» үчүн химиялык заттарды өлкөгө киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышы жеринен иликтениши керектигин айтып чыгышты. Элдин ден соолугу үчүн завод жабылышы керек.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: