Чаткал районунун Терек-Сай айылынын дагы бир жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Юлдаш Даминов аттуу жаран бейбаштыгы, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда.
“Буга чейин аталган иш боюнча 15 адам 48 саатка камакка алынган. Алардын бири сурак бергенден кийин бошотулган. Калган жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусунун ИИБнин аймагында,” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кармалгандарды бошотуу талабы менен митинг уланууда, бул акцияга жалпы жонунан 90 адам катышууда.
“Митингдин катышуучулары менен облус жана район жетекчилигинин, “Кыргызалтындын” өкүлдөрү жолугушту. Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын көпчүлүгү – “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын кызматкерлери,”- деп билдирди ИИБ.
Эске салсак, 5-ноябрь күнү “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында эки коопсуздук кызматкери мал айдап бараткан тургунду ур-токмокко алышкан. Анын айылдаштары нааразы болуп, ортодо жаңжал чыккан. Натыйжада, эки милиция кызматкери келтек жеп, ошонун айынан кийин 14 адам камакка алынган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ