Menu

Кыргызстандагы контрабанда: башкаруучу элита 20 жылда 50 миллиард доллар пайда тапкан

Бөлүшүү:

Regnum” маалымат агенттиги “Кыргызстандагы контрабанда: элита ЕАЭБдин сынына неге чычалап жатат” деген макала жарыялады. Анда Кыргыз Республикасынын бажы тармагындагы коррупциянын денгээли расмий  факты, цифра, схемалар аркылуу ишенимдүү көрсөтүлгөн. Маалымат боюнча, Кыргызстан башкаруучулары акыркы 20 жыл ичинде эле контрабандадан 50 миллиард доллар пайда тапкан.

Макалада учурдагы өтө олуттуу маселеле козголгондуктан, аны айрым кыскартуулар менен которуп, жарыялоону туура таптык.

Кыргызстандагы контрабанда: элита ЕАЭБнин сынына неге чычалап жатат?

Кыргызстандын элитасы контрабандадан суммасы миллиарддаган долларларды чапчыган киреше алат. Кыргызстанды ким башкарса деле, республикада элита менен уюшкан кылмыш топторун гана байытып келаткан контрабанданын агымы токтободу. Кытай менен Кыргызстандын бажы статистикасында 20 жыл ичиндеги айрымачылык эле 50 миллиард долларга жеткен.

Кыргызстан элитасынын айрым бөлүгү азыркы заманда маалыматтардын ачыктыгы түшүнүгү бар экендигин деле элес албагандай. Мисалы, Эл аралык соода борборунун коңшу мамлекеттерден алынган бажы маалыматтарын салыштырып кароого мумкүнчүлүк берген соода статистикасы жарыяланган сайты бар. Эгерде анда цифралардын айрымачылыгы 50 пайыздан ашып кетсе, демек, анда контрабанда, же контрафакты тууралуу кеп жүрүп жаткан болот.

Кыргызстандын 2001-жылдан 2017-жылга чейинки акыркы 20 жылдагы импорт жана экспорт боюнча көрсөткүчтөрүнүн аныгын билүү үчүн, андагы ачык маалыматтарды коңшусу Кытайдын статмаалыматтары менен салыштыруу эле жетиштүү.

20 жыл ичинде кыргыз бажысы Кытайдан жалпы суммасы 11, 64 миллиард долларды түзгөн товарлар келгендигин каттаган. Ошол эле кезде кытай бажысы Кыргыз Республикасына 61, 667 миллиард долларлык товар жөнөтүлгөндүгүн белгилеген. Ортодогу айрымачылык 50 миллиард долларды түзөт. Мындай айрымачылыкты, эсепке алуу ыкмасынын эки өлкөдө эки бөлөк экендигине, же болбосо, дагы башкага шылтап коюуга болбойт. Бул – накта контрабанда. Кыргызстандагы жайнаган дүң базарлар  мына ошонун аркасы менен жашап, андан ары контрабандалык товарлар башка өлкөлөргө чыгарылып турган.

Эми Кыргызстанга товар сатуу боюнча дагы бир ири импортер Туркия боюнча маалыматтарды карап көрөлү. Кыргыз бажысынын маалыматы боюнча, 20 жыл ичинде Түркиядан жалпы көлөмү 1,129 миллиард долларлык  товар келген. Ал эми түркиялыктардын маалыматында, бул сумма 2,968 миллиард долларды түзөт. Ортодогу айрымачылык – 1,839 миллиард доллар.

Түрк товарлары боюнча статистикадагы дагы бир кызыктуу жагдай: Түркияда бизнеси, түрк ишкер чөйрөсүндө тыгыз байланыштары бар Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга президент болуп шайланган 2012-жылдан кийин ортодогу айрымачылыктын өзгөчө өсүшу башталган.

Кыргызстанга товар импорттоодо АКШнын да бир кыйла үлүшү бар.  Расмий цифралар импорт боюнча анын үлүшу Туркияныкына жакын экендигин көрсөтөт. Бирок, статмаалыматтагы айрымачылык башкачараак өңүттө: б.а. АКШ бажысы кыргызстандыктар көрсөткөн 2,039 миллиард долларга каршы 884 миллион долларлык товарды гана каттаган. А бул айрымачылык башка бир үчүнчү мамлекеттен сатып алынган товар бажыда америкалык товар катары катталып, андан ары да америкалык товар катары сатылып, көз боёмочулук болуп келгендигин айгинелейт.

Ал эми контрабанданын өсүш динамикасын деле КЭР менен КРнын статистикасын салыштыруу менен эле билсе болот. Конрабанда өзүнүн туу чокусуна ортодогу айрымачылык 8,484 миллиард долларды көрсөткөн 2008-жылы жеткен. Башка жылдары бул көрсөткүч орточо 4 миллиард доллардын тегерегинде чайпалып келатат. Эгерде ЕАЭБнын 10 пайыз бирдиктүү бажы тарифин эске алсак, кыргыз бажысында акыркы кездери жылына 400 миллион доллардын тегерегиндеги акча жашырылып, уурдалып жатат деп жыйынтык чыгарууга болот.

Ооба, статистика Кыргызстандын элитасы контрабанда аркылуу миллиарддаган доллар киреше табаарын далилдөөдө. Кедей мамлекетте байлардын саны кандайча өсүп жаткандыгын жогорудагы маалыматтар эң сонун  түшүндүрүп турат.

А кыргыз элитасы мамлекетинин келечек өнүгүшүнө да, жарандарынын байгер жашоосуна да кайдыгер. Анткени, элитанын жыргалчылыгы таптакыр башка көрүнүш, башка түшүнүккө көзкаранды болуп жатпайбы.

Марат ШИБУТОВ, Regnum

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: