Menu

Алматынын курулуш базарындагы

Бөлүшүү:

Алматы облусунун Иле районунда жайгашкан «Ашыбулак» курулуш базарындагы өрттөн 40тан ашык контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, базардын аймагындагы тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына  4-декабрь эртең менен маалым болгон. Болжол менен сегиз жарымда ал толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгон жана жабыркагандар жок.

Басма сөз кызматтан кабарлашкандай, мындан тышкары 4-декабрга оогон түнү Актау облусунун өнөр жай аймагында дагы өрт чыгып, бир кампа күйүп кеткен. Өрт тууралуу кабар саат экиде келип, саат алтыда толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Азырынча бул эки өрттүн тең келип чыгуу себептери аныктала элек.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: