Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалында жасаган кылмыштарын эл алдында мойнуна алган кишилер тууралуу видеоматериал көрсөтүлдү. Алар өздөрүнө каршы көрсөтмө берип, ыйлап, экинчи бул сыяктуу иштерге барбай турганын айтышкан.
Маалыматтарга караганда, видеого тартылган кишилер маңзат жана жасалма доллар сатуу айыбы менен кармалышкан. Түркмөнстан ички иштер министри Искандер Муликов ишмебиде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул кишилер кылмыш жасоо учурунда кармалганын жана аларга карата иш козголгонун айткан.
Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн укук коргоо органдары “эффективдүү” иштеп жатканын ырастоодо. Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүм жетекчилери 11 айдын ичинде жасалган иштер тууралуу отчет беришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ