Menu

ИИМ: Терек-Сайда милицияны сабап кармалган 15 жарандын алтоосу 2 айга, тогузу 1 айга камакка алынышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-декабрда КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Чаткал районунун Терек-Сай аймагында болгон чыр боюнча кармалган тургундарды Жалал-Абад шаардык соту ар түрдүү мөөнөттөрдө абакка алганы тууралу билдирүү таратты:

5-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.
6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) жана 341-беренелер (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталган.
2-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген.
Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелгендер боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну киргизилген.
4-декабрь күнү Терек-сай айлынын 15 тургунуна карата Жалал-Абад шаардык соту тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыкты.
Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тергөө кызматы тарабынан аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: