Menu

Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү» («Doing Business») эл аралык рейтингинде 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бизнес жүргүзүү» («Doing Business») эл аралык рейтингиндеги Кыргызстандын позициясын жакшыртуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, «Төлөм жөндөмсүздүгүн чечүү» – 82-орун (+37), «Эл аралык соода» – 70-орун (+14), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» – 38-орун (+13) жана «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» 131-орун (+8) сыяктуу айрым индикаторлор боюнча өлкө өз позицияларын жакшыртууга жетише алды.

Ал кошумчалагандай, аталган позициялардын жакшыруусунун жыйынтыгында Кыргызстандын «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде 77-орундан 70-орунга көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берген.

Буга катар белгиленгендей, айрым министрлик жана ведомстволор тарабынан «Бизнес жүргүзүү» рейтингинин алкагындагы Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жетишсиз чаралар кабыл алынууда, буга байланыштуу өлкөнүн калган индикаторлор боюнча позициялары мурдагы деңгээлде калып, же начарлоодо.

Премьер-министр эскерткендей, Өкмөт тарабынан 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев «Энергетика менен камсыздоо тутумуна кошулуу» – (164-орун) жана «Салык салуу» – (150-орун) индикаторлорун жакшыртууга жоопкер мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Үстүбүздөгү жылы айрым позициялар боюнча жетишкендиктер натыйжалуу иш алып барууда тийиштүү жыйынтыкка жетишүү мүмкүн экендигинен кабар берет. Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында биз  «Бизнес жүргүзүү» рейтингинин ар бир индикатору боюнча процедуралардын санын жана андан өтүү убактысын кыскартуу боюнча кескин чараларды кабыл алуубуз зарыл», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн министрлик жана ведомство жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Премьер-министр мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө «Бизнес жүргүзүү 2019» рейтингинин индикаторлорун талдап, сапаттуу сын-пикирлерди киргизүүнү тапшырды.

Аларды эске алуу менен «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жкшыртуу боюнча Иш чаралар планынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ыкчам алып кирүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: