Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков алгачкы ирет чет элдик маалымат каражаттарына маек берди. Орусиянын Россия 24 телеканалына берген маегинде Сооронбай Жээнбеко Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кандай өзгөрүүлөргө туш болгондугу жөнүндө айтып берди.
Президенттин айтымында, Кыргызстан эки чоң революциядан кийин көп нерсени жоготуп, эми калыбына келе баштады. Узак мөөнөттүк стратегия 2018-жылы гана кабыл алынып, өлкө эми өнүгүүгө карай багыт алды. Бул убакыттын ичинде коррупция менен күрөшүү, бизнести колдоо жана ишкерлердин ишмердүүлүгүнө бийликтин аралашпоосу алдыңкы планга чыгат.
Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ЕАЭБдин курамына жаңы гана киргенде көпчүлүк өлкөнүн экономикасы төмөндөп, өнүгүү жок болот деген болжолдорду айткан, бирок ага карабастан, өлкө коңшу мамлекеттер менен жакшы мамилелерди куруп, соода өсүп, экономика кыйла жогорулаганын кошумчалады. Мисалы, Кыргызстандын Россия Федерациясы менен болгон товар алмашуусу 16%га, Казакстан менен 26%, ал эми Беларусь менен 14% га өскөн.
Маекте Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБди чек аралары жок, бирдиктүү валютасы бар, туруктуу экономикалык абалга жана тең укуктуулукка ээ мейкиндик катары көрүгүсү келгенин айтты.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ